Аномалдуу ысыктан кантип сактануу зарыл?
Кыргызстандын аймагында 16-17-май күндөрү ысык аба ырайы күтүлүүдө. Бул күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күндүн табы +35...+40 градуска чейин жетет. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарга аномалдуу ысыктан коргонуу эрежелерин сунуштады.
Министрлик кыргызстандыктарды бул күндөрү саат 11:00–16:00 аралыгында күндүн нурунан оолак болууга чакырды. Мындан сырткары:
- Жеңил, табигый материалдан тигилген кийим, баш кийим кийиңиз;
- Кыймылды азайтыңыз;
- Суюктукту көбүрөөк ичиңиз (муздак эмес);
- Жемиш-жашылчаларды көбүрөөк жеңиз;
- Кондиционер/вентилятор колдонуңуз (түз багытта эмес);
- Сууга чайканып же суу сүлгү менен денеңизди сүртүңүз;
- Кан басымыңызды жана кандагы кант деңгээлин текшериңиз (дарыңызды унутпаңыз);
- Балдарга арык же фонтан суусун ичпөөнү түшүндүрүү керек;
- Өзүңүздү жаман сезсеңиз — дароо дарыгерге кайрылыңыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.