Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен баланы издөөгө 254 адам тартылды (видео)
Бүгүн, 16-майда Ош шаарынын Төлөйкөн айылынан Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен баланы издөөгө 254 адам тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, издөө иштерин 9 куткаруучу, ИИМдин ички аскерлеринен 209 кызматкер, туугандарынан 24 адам жүргүзүүдө. Ага байланыштуу саат 09:30дан тарта Ак-Буура дарыясына суу берүү Папан суу сактагычы тарабынан убактылуу токтотулат.
Белгилей кетсек, кечээ, 15-майда Ак-Буура дарыясына болжол менен 10-12 жаштагы бала түшүп кеткендиги айтылып, издөө иштери башталган.
16.05.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.