super.kg logo

17-майга карата аба ырайы

 

Эртең, 17-майда Кыргызстандын аймактарында күн ачык болот. Абанын табы айрым аймактарда күндүз +35 ... +40 градуска жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкекте түнкүсүн +19... +21, күндүз +37... +39 градус ысыйт.

Аймактардагы абанын табы

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16.. +21, күндүз +31 ... +36;

Талас жергесинде түнкүсүн +13... +18, күндүз +33... +38;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17... +22, күндүз +35... +40;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +9... +14, күндүз +25 ... +30;

Нарында түнкүсүн +7... +12; күндүз +25... +30;

Кабарлай кетсек, ӨКМ өлкө аймагында 16-17-май күндөрү ысык аба ырайы күтүлөрүн эскерткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: