Ала-Арча сейил багына чейин кайрадан автобус каттай баштады

№1 Бишкек-Ала-Арча экспресс каттамы кайрадан ишке кирди. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда мэрия билдирди.
Ага ылайык, ал шаар тургундарынын кайрылууларынын негизинде каттап баштады.
Жарым-жартылай экспресс каттамынын акыркы аялдамалары Бишкектеги Усубалиев атындагы эски аянтта жана Ала-Арча жаратылыш паркында орун алган.
Каттам саат 08:00дөн-19:00гө чейин иштейт. Ал эми төлөм жүргүзүү накталай болсо 50 сом, накталай эмес болсо 40 сомду түзөт.
Аталган Бишкек-Ала-Арча экспресс каттамын 12 метрлик заманбап Исузу автобустары тейлейт.
Эскерте кетсек, аталган каттамда 6 автобус 20-30 мүнөт аралыгында иш алып барып, Жусуп Абдрахманов көчөсү аркылуу жүрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.