super.kg logo

Бишкектин мурдагы вице-мэри алдамчылыкка шектелип кармалды

 

Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип "М" ЖЧКсынын директору кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү делген А.М. аттуу жаран Лебединовкадагы соода-логистикалык жайдын "жолун жасап берем" деген шылтоо менен бирөөнүн 90 миллион сомдук мүлкүн ээлеп алган. Ал менчиктеп алган мүлктүн баарын сатып жиберген. Чүй милициясы аталган факт боюнча былтыр июнь айында эле кылмыш иши козголгонун белгиледи.

"Бир нече жолу ишти создуктурууга жана токтото турууга аракет кылынганына карабастан 2025-жылдын 15-майында тергөө иштери улантылып, ошол эле күнү 49 жаштагы шектүү кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Айрым жергиликтүү басылмалар ишенимдүү булактарына таянып, кармалган адам Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуров экенин жазышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: