super.kg logo

Жоокерлерди мазактаган аскер кызматкери камакка алынып, бир катар жетекчилер жазаланды

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө жоокерлерди мазактап, зомбулук көрсөтүүгө шектелген аскер кызматкери Аскер прокуратурасы тарабынан камакка алынган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

ӨКМ жоокерлерди мазактаган жана ага жол берген деген бир катар аскер кызматкерлери жазаланганын белгиледи. Министрлик өздүк курам менен тиешелүү иш алып барбаганы, өзүнүн кызматтык милдеттерин так аткарбаганы жана кадр саясатын талаптагыдай деңгээлде жүргүзбөгөнү үчүн №86123 аскердик бөлүктүн – Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун башчысы жана жоокерлерге кысым көрсөттү делген куткаруу тайпасынын командири менен куткаруу тайпасынын улук куткаруучусун кызматтарынан бошоткон.

Ошондой эле маалыматта аталган аскердик бөлүктүн башчысынын биринчи орун басары, үчүнчү куткаруу кошуунунун командири, үчүнчү куткаруу кошуунунун командиринин өздүк курамы менен иштөө боюнча орун басары ээлеген кызматтарынан төмөндөтүлгөнү айтылат.

Мындан тышкары мөөнөттөгү жоокерлер менен иштеген аскер бөлүктүн 16 офицер, прапорщиктерине "катуу сөгүш" жарыяланган. Министрлик учурда тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 11-майда социалдык тармактарда өлкөнүн аскер бөлүктөрүнүн бириндеги үстөмдүк фактылары чагылдырылган видео тараган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги расмий маалымат таратып, окуя февраль айында орун алганын маалымдаган. Факт боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: