Албаниянын өкмөт башчысы италиялык кесиптешин тизелеп тосуп алды (видео)
Албаниянын премьер-министри Эди Рама италиялык кесиптеши Жоржия Мелонини кызыл килемде өзгөчө тосуп алды.
Анда Рама күтүүсүздөн Мелони келе жатканда бир тизесин бүгүп, эки колунун алакандарын бириктирген, бир саамга токтогон Италиянын өкмөт башчы айымы "Эди, токтот!" деп суранган. Андан соң саясатчылар кучакташып учурашып, сүрөткө түшүшкөн.
Чет элдик басылмалар Мелони бул көрүнүшкө тамаша менен: "Ал мени менен тең болуу үчүн эле жасап жатат", - дегенин жазышты. Раманын бою эки метрден ашса, Мелонинин бою 1,63 метр.
Белгилей кетсек, кечээ, 16-майда Албанияда Европалык саясий шериктештиктин саммитинин алкагында 47 өлкөнүн лидерлери чогулушкан.
17.05.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:54
2025-06-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.