super.kg logo

Арзыбек Кожошев Дубайдагы конференцияда баяндама жасады

 

Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өтүп жаткан Глобалдык логистикалык конференциясында Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык бирлигинин транспорт-логистикалык мейкиндигин өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча баяндама жасады.

Ал дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөрдүн алкагында туруктуу жеткирүү чынжырлары, инфраструктуралык байланыш жана транспорт тармагын санариптик трансформациялоо өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи. Анын пикиринде бул багыттар Бирликке мүчө мамлекеттердин экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана дүйнөлүк рынокторго интеграциялоо үчүн негиз болуп калат.

Ал үзгүлтүксүз жана санариптик логистикалык каттамдарды калыптандыруу ЕАЭБ үчүн да, биздин өнөктөштөр үчүн да маанилүү болуп саналарын айтты. Ошондой эле Кожошев жыйында ЕЭК тарабынан транспорт жана логистика тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер, ЕАЭБдин институционалдык демилгелери: электрондук транспорттук коштомо кагаздарды (e-CMR) киргизүү, интеллектуалдык транспорттук системаларды өнүктүрүү, евразиялык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнүн комплекстүү планын ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

Мындан тышкары ал транспорт жана логистика заманбап дүйнөнүн өнүгүү кыймылдаткычы экенин белгилеп, анын ишенимдүүлүгүнөн жеткирүүлөрдүн ылдамдыгы гана эмес, экономиканын туруктуулугу, азык-түлүк жана өнөр жай коопсуздугу, өлкөлөр ортосундагы ишеним да көз каранды экенин айтты. Кожошев глобалдык логистикалык архитектураны чыңдоого багытталган өнөктөштөр менен диалогду тереңдетүүгө даяр экендигин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: