super.kg logo

Трамп ФБРдин мурдагы директорун аны өлтүрүүгө чакырган деп айыптады

 

АКШнын президенти Дональд Трамп кумга снаряддар менен жазылган 8647 санынын сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган ФБРдин мурдагы директору Жеймс Комини "мени өлтүрүүгө чакырып жатат" деп айыптады.

"Бул эмнени билдирерин бала деле билет", - деген ал Fox News телеканалына берген маегинде. Трамп Комини бул сандар эмнени түшүндүрөрүн билип туруп жасаганын белгилеген.

Америкада 86 саны жок кылуу чакырыгын билдирет. Ал эми 47 АКШнын 47-президенти Трамп менен байланыштуу.

Коми өзү бул сүрөттүн айланасындагы жаңжалга байланыштуу жашыруун кызматка суракка чакырылганда цифралардын маанисин түшүнбөгөнүн айткан.

"Мен кээ бир адамдар бул сандарды зордук-зомбулук менен байланыштырганын билген эмесмин. Бул менин оюма да келген эмес", - деп келтирет анын сөзүн CNN.

Кызуу талкуу жараткандан кийин ФБРдин мурдагы башчысы билдирүүсүн өчүрүп салган. Жеймс Коми 2013-жылдан 2017-жылга чейин ФБРдин директору болуп иштеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: