Тиранадагы саммитте европалык лидерлер тууралуу өзгөчө видео көрсөтүлдү (видео)
Албаниядагы Европалык саясий шериктештиктин саммитинде европалык лидерлерге тамашалуу видео көрсөтүлдү. Видео жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган.
Анда алар ымыркай балдардын образында жылмайып, ар кайсы тилде "Албанияга кош келиңиздер!" деген сөз менен саламдашышкан. Бул видео залда отурган мамлекет жана уюмдардын жетекчилери тарабынан жылуу кабыл алынып, аларды жылмайткан.
Белгилей кетсек, аталган саммит кечээ, 16-майда Албаниянын борбору Тиранада өтүп, ага 47 өлкөнүн лидерлери катышты.
17.05.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.