super.kg logo

Баткенде эки айыл чарба багытындагы ишкана ачылат

 

Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы мөмө жемишти кайра иштетүүчү жана кургатуучу муниципалдык ишкананын курулушу аяктады.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн керектүү жабдуулар орнотулуп, алгачкы продукциясын тесттик режимде чыгарганын билдирди. Ишкана облусту өнүктүрүүгө багытталып бөлүнгөн 500 миллион сомдун эсебинен каржыланып, 22 миллион сом бөлүнгөн.

Бул борбор иштей баштаса жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болуп, айыл аймактын киреше булагы артып, жергиликтүү багбандар түшүмүн жеринде сатууга шарт түзүлөт.

Ошондой эле өкүлчүлүк Жаңы-Жер айылында айыл чарба продукциясын муздатып сактоочу логистикалык борбор курулганын белгиледи. Аталган борборго республикалык бюджеттен бөлүнгөн 7 миллион сом, жергиликтүү бюджеттен 3 миллион сом, өнөктөш болгон Кореянын Good Neighbours уюмунан 17,1 миллион сом бөлүнгөн.

Ишкананын кубаттуулугу 500 тоннаны түзөт, бул жергиликтүү дыйкандардын түшүмүн сактоого жана кирешесин жогорулатууга жардам берет. 10 адам жумуш менен камсыз болот. Учурда борбор тесттик режимде иштеп баштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: