super.kg logo
  Саясат  

Бийлик Киев көчөсүндөгү имараттардын буздурулушу боюнча түшүндүрмө берди 

 
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Бишкектин Киев жана Ибраимов көчөсүндөгү имараттардын буздурулуп жатышы боюнча түшүндүрмө берди.
Айтымында, аталган даректе имараттардын буздурулушу боюнча соцтармакта ар кандай пикирлер айтылган.
"Өзүңүздөргө маалым болгондой, өлкө боюнча Кирешени легалдаштыруу жөнүндө мыйзамдын алкагында президент Садыр Жапаров оппозицияда жүргөн убагында башкаларга каттаткан мүлктөрүн, анын ичинде Бишкектин Киев көчөсү 96 дарегиндеги имаратты өзүнө каттатканын билдирген.
Бул кадамы менен мамлекет башчысы активдерин башкаларга каттаткандарды же чет жакта кармагандарды ресурстарын өлкөгө кайтарууга, легалдуу иштөөгө үлгү катары көрсөтүп чакырык жасаган.
Имараттын буздурулуп жатышы болсо анын жанында кошуна жайгашкан башка курулуш объекттеринин кожоюндарынын өз имараттары менен бирге Киев көчөсү 96 дарегиндеги объектти да бузуп, кеңейтилген жер тилкесинде көп кабаттуу ири комплексти куруу сунушу жана демилгесине байланыштуу.
Соцтармакта сөз болгондой, бир эле имарат эмес, ага жакын жайгашкан башка курулуштардын да бузулушу күтүлүүдө.
Демек, бул аракет кошуна имараттардын кожоюндарынын өз ара макулдашуусунун жыйынтыгы. Кошуна жайгашкан имараттардын ордуна бир ири комплекс курулуп бүткөндө ал курулушка салым кошкондорго үлүштүк негизде таандык болуп калат", - деп жазды ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: