super.kg logo

"Угуп капа болдум". Трамп Байдендин ракка чалдыкканына үн катты 

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Американын экс-лидери Жо Байдендин оорусу тууралуу маалыматтарга үн катып, анын тезирээк сакайып кетишин каалай турганын билдирди. Бул тууралуу Трамп өзүнүн Truth Social баракчасына жазды.

"Мелания (АКШнын биринчи айымы) экөөбүз Жо Байдендин ооруга чалдыкканын угуп, капа болдук. Биз Жилл Байденге (Жо Байдендин жубайы) жана үй-бүлөсүнө чын жүрөктөн Байдендин сакайып кетишин каалай турганыбызды билдиребиз", - деген Трамп.

Ошондой эле АКШнын мурдагы вице-президенти Камала Харрис дагы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Жо Байдендин тезирээк жана толук сакайып кетишин кааларын жазган.

"Жо Байдендин рак оорусуна чалдыкканын укканда капа болдум. Байден бул кыйынчылыкты туруктуулук менен жеңет. Биз анын толук жана тез сакайып кетишине үмүттөнөбүз", - деген Харрис.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин рак оорусуна чалдыкканы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: