super.kg logo
  Саясат  

"Чай ичип эле кетишет". Депутат Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерин сынга алды (видео)

 

Бүгүн, 19-майдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерин сынга алды.

Жыйында Мамашова Ош шаарындагы балдар үйүнүн имаратына реабилитациялык жана үй-бүлөнү колдоо борборун ачуу боюнча долбоордун ишке ашкан-ашпаганына кызыгып, суроо узатты. Ал эми министрдин орун басары Каарманбек Байдавлетов учурда документтер каралып жатканын билдирди.

"Документтерди карап эле бүтпөйсүңөр. Тийиштүү бөлүмдөргө тапшырма бергенден кийин аягына чейин көзөмөлгө алгылачы. Бир айтып койгон менен иш бүтүп калбайт. Жыйындан эле эмес, министрге өзүм канча жолу кайрылдым, эч кимдин иштегиси келбейт. Албетте, биз бул дүйнөгө конок болуп келгенбиз, бирок министрликтин кызматкерлери жумушунда конок болуп гана отурушат. Чай ичип эле кетишет. Бул деген биздин балдарыбыздын тагдыры да. Мындай болбош керек", - деди депутат.






Жогорку Кеңеш

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: