super.kg logo

Huawei Берлинде колго тагылуучу инновациялык гаджеттердин жаңы доору келгенин жар салып, бренддин тагынып жүрүүчү түзүлүштөрүнүн жаңы линейкасын сунуштады

 

Бүгүн Берлинде инновациялык өнүмдөрдүн чыгарылышына арналган иш-чарада Huawei “Келечек бүгүн” концепциясынын алкагында жаңы түзүлүштөрдүн жана алдыңкы технологиялардын сериясын сунуштады.

HUAWEI WATCH 5 — интерактивдик мүмкүнчүлүктөрдүн өнүгүүсүндө инновациялык секириктин үлгүсү

HUAWEI WATCH 5 колдонуучунун тагынып жүргөн түзүлүш менен интеллектуалдык өз ара аракеттенүүсү жаатында революция жаратты. Жаңы саат жаңыртылган HUAWEI TruSense системасы жана бөлүштүрүлгөн датчиктер архитектурасы бар X-TAP технологиясы менен жабдылган. Мындай өркүндөтүү колдонуучуларга организмдин көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат. Ошондой эле HUAWEI WATCH 5 саатында түзүлүштү башкаруу үчүн эки жаңы жаңсоону колдоо киргизилген. Салттуу түс гаммасынан тышкары HUAWEI WATCH 5 жарашыктуу эки түстө: кызгылт көк жана кум түстө сунушталган.

Жаңы флагмандык түзүлүштөр: технология менен стилдин айкалышы

Иш-чарада HUAWEI WATCH FIT 4 сериясындагы акылдуу саат, HUAWEI FreeBuds 6 кулакчындары жана HUAWEI MatePad Pro 12,2” планшети тааныштырылды.

HUAWEI WATCH FIT 4 сериясындагы саат FIT сериясынын чарчы дизайнын сактайт, бирок “Кыймылдагы стиль” – динамикалуу жашоо образынын философиясына жооп берет. Өтө жеңил HUAWEI WATCH FIT 4 Pro комплекстүү жана интеллектуалдык мониторинг үчүн HUAWEI TruSense өркүндөтүлгөн системасынын колдоосунда, кесипкөй деңгээлдеги спорттук режимдердин кеңири тандоосун сунуштайт.

HUAWEI FreeBuds 6 — эки магнити бар таратуучу менен жабдылган, жарым ачык түрдөгү алгачкы HUAWEI кулакчындары. Оптималдаштырылган чуу-басым технологиясынын жана тамчы түрүндөгү дизайндын аркасында кулакчындар чакыруу убагында өтө таза үндү камсыздайт жана жакшы көргөн музыка дүйнөсүнө чөмүлүүгө мүмкүндүк берет.

HUAWEI MatePad Pro 12,2" 2025 планшети PaperMatte технологиясы бар Tandem OLED экраны менен жабдылган. Бул технологиялардын аркасында ак тактар (блик) жана чагылышуулар жок, сүрөттүн дааналыгын жана ачыктыгын камсыз кылат.

Активдүүлүк шакектери: активдүү жашоонун ар бир көз ирмеминен рахат алуунун жаңы жолу

Фитнеске кызыккандар көбөйүп жаткандыктан, Huawei “Активдүүлүк шакектери” кампаниясын ачат. Өзүнүн тагынып жүрүүчү түзүлүштөрүндө 100дөн ашык спорттук режимдерди сунуштоо менен Huawei бардык колдонуучуларды активдүү болууга жана ден соолугуна кам көрүүгө чакырат.

IDC акыркы отчетуна ылайык, Huawei 2024-жылы тагынып жүрүүчү түзүлүштөрдү жеткирип берүүлөрдүн жылдык өсүү темпи боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээледи. Huawei тагынып жүрүүчү түзүлүштөрү стилдүү жасалган сергек жашоо образынын тренд жаратуучусу бойдон калууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: