super.kg logo

MEGA жана MegaLab "IT-Мама" социалдык долбоорун аякташты – жаңы горизонтторго кадам!

 

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору жана MegaLab IT-мектеби өзгөчө сыймыктануу менен – ондогон аялдарга жаӊы жашоого мүмкүнчүлүк берген чыныгы таасирдүү жана маанилүү демилге «IT-Мамa» долбоорунун аяктаганы тууралуу жарыялашты. Көӊүл чордонунда – каржылык көз карандысыздыкты жана кесиптик өсүүнү кыялданган энелерди колдоо болду.

50 катышуучу тездик менен өнүгүп жаткан IT дүйнөсүнө эшик ачып, долбоорлорду башкаруунун негиздери боюнча акысыз окутуудан өтүштү. Долбоор жөн гана билим берүү программасы эмес, бул – балдарды тарбиялоону жана ишти айкалыштыруу оӊой болбогон аялдар үчүн чыныгы таяныч болуп калды.

Бул эмне үчүн маанилүү?

«IT-Мамa» – жөн гана карьера тууралуу эмес. Бул ишке ашкан кыялдар жөнүндө. Бул кайра баштоого күч тапкан аялдар, эртеӊки күнгө ишеним арткан үй-бүлөлөр жөнүндө.

Программа жөн гана билим берүү эмес, шыктандыруу максатында иштелип чыккан:

? Катышуучулардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана экономикалык өз алдынчалыгын бекемдөө;

? Энелердин инсандык жана профессионалдык өсүшүнө колдоо көрсөтүү, аларга IT-индустриясынын реалдуулуктарына ыңгайлашууга жардам берүү.

Бул долбоордун аркасында алар баалуу билимге ээ болуу менен бирге, өзүнө болгон ишенимди да арттырышты. Бул жеке алар үчүн эле эмес, жалпы коом үчүн чыныгы бурулуш.

«IT-Мама» долбоору колдоонун, теңдиктин жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн символу болуп калды. Бул өзгөрүүгө болот деген ишенимди бекемдеди – биринчи кадамды жасоо гана керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: