Маалымдалгандай, мамлекет башчысы экологиялык көйгөйдү кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири катары белгилеп, Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы 15тен ашык резолюция кабыл алганын айтты.
Жапаров 2023-2027-жылдар тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы деп жарыяланганын эске салып, Африка, Кариб жана Тынч океан өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн 2027-жылы Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.
Бул арада чет мамлекеттердин БУУдагы туруктуу өкүлдөрү Кыргызстандын Уюмдун ишмердүүлүгүнө кошкон салымын белгилешти.
Садыр Жапаров чет мамлекеттердин БУУдагы туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды




Бүгүн, 19-майда президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмундагы чет мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

