super.kg logo

Трамп Путин менен болгон сүйлөшүүнүн жыйынтыгын билдирди

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсү жыйынтыкталганын айтып, айрым учурларга токтолду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөндүгүн чет элдик басылмалар кабарлады.

- Орусия менен Украина ок атышууну токтотуу жана андан да маанилүүсү согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү дароо башташат;

- Украина менен Орусиянын ортосундагы мамилени эки өлкө гана билет, андыктан, келишим эки өлкөнүн ортосунда талкуулануусу маанилүү;

- Баарлашуу жакшы маанайда болду;

- Орусия согуш аяктаганда АКШ менен ири соода-сатык жүргүзгүсү келет жана мен ага макулмун. Бул өлкө көп сандагы жумуш орундарын жана байлыктарды түзүү үчүн эбегейсиз потенциалга ээ;

- Мындан тышкары, Украина да өз өлкөсүн кайра куруу менен соодадан чоң пайда көрө алат;

- Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү дароо башталат. Бул тууралуу мен Украинанын президенти Владимир Зеленскийге, Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Лейенге, Франциянын президенти Эммануэль Макронго, Италиянын премьер-министри Жоржа Мелониге, Германиянын канцлери Фридрих Мерцке жана Финляндиянын президенти Александр Стуббга кабарладым.

- Бул арада сүйлөшүүлөрдү Рим папасы Ватиканда өткөрүүгө абдан кызыкдар экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Трамптын Путин менен болгон биринчи сүйлөшүүсү 19-мартта орун алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: