super.kg logo

Орусияга бара жаткан чет элдиктер үчүн жаңы эрежелер киргизилди

 

Ушул жылдын 30-июнунан тарта Орусияга бара жаткан чет элдик жарандарга жаңы эрежелер киргизилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

Ага ылайык, Орусия аймагына барууну пландаштырган чет өлкөлүк жарандар өлкөгө кирүүгө 72 саат калганда аталган аймакта жүрүүнүн максатын көрсөтүү менен мобилдик тиркеме аркылуу тиешелүү арызды жөнөтүшү зарыл.

Ал эми шашылыш дарылануу, катуу оору же жакындарынын өлүмүнө байланыштуу жагдайларда, аны тиешелүү документтер менен ырастоо аркылуу Орусияга кирүүгө 4 саат калганда, кечиктирилбестен мобилдик тиркеме аркылуу кабарлашы шарт. Аталган эрежелер кыргызстандык жарандарга дагы тиешелүү.

"Учурда чет өлкөлүктөр үчүн "Госуслуги" тиркемесинин аналогу боло турган "RuID" тиркемеси иштелип жатат.

Орусиянын аймагына кирүү үчүн чет өлкөлүк жаран тарабынан мобилдик тиркеме аркылуу арыз берүү биринчи кезекте, чет өлкөлүк жаран тууралуу маалыматтардын топтомун камтыган санариптик профилди түзүү керек. Чет өлкөлүк жарандын санариптик профилинин болушу келечекте анын мамлекеттик кызматтарды алууда Орусиянын мамлекеттик органдары жана уюмдары менен электрондук формада өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Орусиянын мыйзамдарында эгер чет өлкөлүк жаран тарабынан мобилдик тиркеме аркылуу арыз берилбесе, аны Орусиянын мамлекеттик чек арасынан өткөрүүдөн баш тартууга негиз катары каралбайт.

Ошол эле учурда чет өлкөлүк жарандын Орусиянын аймагына кирүүсү тууралуу чечим өлкөнүн мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пунктунда кабыл алынат.

Буга байланыштуу Кыргызстандын элчилиги Кыргыз жарандарына Орусияга кирүүнүн жаңы эрежелери менен алдын ала таанышып алууну сунуштайт", - деп билдирди министрлик.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: