super.kg logo

Мекендештерин Кыргызстанга мыйзамсыз киргизген делип Бангладештин жараны кармалды (видео)

 

Жасалма визаларды даярдаган деген шек менен Бангладештин жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ал февраль айында мекендештерин Кыргызстанга эмгек мигранты катары киргизүү үчүн жасалма уруксат берүүчү документтерди жасап, аларга жөнөткөн. Шектүү кызматы үчүн жалпы 66 500 доллар алган.

УКМК кызматкерлери анын жашаган дарегин тинтүүдө Бангладеш жарандарынын уруксат берүү мөөнөтү өтүп кеткен 120дан ашык паспорт жана жасалма документтердин электрондук көчүрмөлөрү сакталган ноутбук табышкан.

Аталган чет өлкөлүк жаран камакка алынды. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн кошумча тергөө иштери жүрүүдө.






20.05.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: