super.kg logo

Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. Жарлыкка өлкө башчы кол койду 

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, мыйзам ушул жылдын 10-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - коррупциялык укук бузууларды жасоого түрткү берүүчү шарттарга, мүмкүнчүлүктөргө бөгөт коюу болуп саналат.

Жаңы мыйзамга ылайык, төмөндөгүлөр өзгөртүлдү:

− сот тарабынан эскирүүнү колдонуу мүмкүндүгү табылбаганда, өмүр бою эркиндигинен ажыратууну 20 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштыруу;

− баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо менен байланышкан кылмыш жасоодо эскирүү мөөнөттөрүн колдонууга тыюу салуу;

− баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо үчүн соттолгон адамга жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууну колдонууга тыюу салуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: