super.kg logo

Өлкөдөгү кунарсыз жайыттарды жакшыртууга 3,5 миллиард сом жумшалат

 

Өлкөдөгү кунарсыз жайыттарды жакшыртууга 3,5 миллиард сом жумшалат. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жайыттарды жакшыртуу министрлик менен "АФОКО" Азия уюмунун эки тараптуу кызматташуусунун алкагында жүрөт.

Жайыттарды жакшыртууга “Региондук жайыт жамааттарынын туруктуулугу – “АДАПТ” долбоорун негизинде 75,6 миллион сомдук грант каражаты 23 айыл айылга 3 миллион сомдон берилет.

"Малды туура багуу жана тоюттандыруу мал чарбасында абдан маанилүү ролду ойнойт. Малдын саламаттыгы, өсүшү жана өндүрүмдүүлүгү көбүнчө анын жеген тоютуна жараша болот. Ошондуктан малды сапаттуу тоют менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу зарыл. Ал үчүн тоют даярдоодо колдонбой, унутулуп калган ыкмалар сунушталат.

Айрыкча малга пайдалуу силос, сенаж сыяктуу витаминге бай, тез сиңген жана азыктуулугу жогору тоюттар. Бул иштердин натыйжасында малдын тукуму жакшыртылып, сүт жана эт өндүрүмү артып, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого чоң салым кошот", - деп билдирди министрлик.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: