super.kg logo
  Саясат  

Парламент комитети коргоо министри кызматына Руслан Мукамбетовдун талапкерлигин жактырды

 

Бүгүн, 20-майдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери комитетинин жыйынында Руслан Мукамбетовду коргоо министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Анда талапкерди депутаттарга президенттин жана өкмөттүн парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Жыйында депутат Жылдыз Садырбаева аскердик госпиталдардын саны жана аскер дарыгерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу маселесин ортого салды.

Мукамбетов өлкө боюнча эки аскердик госпиталь бар экенин, анын бири Бишкекте, экинчиси Ошто экенин маалымдады.

"Бизде эки аскердик госпиталь бар. Бирөө Ош шаарында, экинчиси Бишкектеги Беш-Күңгөй айылында жайгашкан. Бир поликлиникабыз бар. Баткен облусуна дагы жалпы күч түзүмдөрүн карай турган бир госпиталь ачуу боюнча маселе көтөргөнбүз. Аны чечебиз деп ойлойм", - деп билдирди ал.

Ошондой эле ал аскердик дарыгерлер кесиптик тажрыйбасын жогорулатуу үчүн Орусиядан жана Кытайдан окутуудан өтүп турушарын кошумчалады.

Комитет Руслан Мукамбетовду коргоо министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алды.

Белгилей кетсек, Мукамбетов коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп 15-майда дайындалган. Буга чейин аталган кызматты Бактыбек Бекболотов жетектеген. Президент Бекболотовду коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: