Бишкекте жылуулук берүү тармактарына сыноо жүргүзүүнүн экинчи этабы башталат
Эртең, 21-майдан 28-майга чейин Бишкек шаарындагы магистралдык жылуулук берүү тармактарында гидравликалык сыноолордун экинчи этабы өткөрүлөт. Бул туурасында бүгүн, 20-майда мэрия кабарлады.
Маалымдалгандай, анын себеби жылуулук тармактарындагы бузулууга мүмкүн болгон жерлерди аныктоо жана аларды жоюу.
"Сыноолордун жүрүшүндө түтүктөрдүн жарылуусу, жол катмарынын урашына алып келүүчү көрүнүштөр, жылуулук тармактары төшөлгөн аймактарда суу каптоолор болушу мүмкүн. Андыктан авариялык бригадалар кызматта болушат. Маселе жаралса (0312) 61-11-69, 1980; 0557 61-11-66, 0777 61-11-66, 0701 61-11-66 телефон номурларына байланышса болот", - деп кошумчаланган маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.