Бишкектиктер "Менин шаарым" тиркемеси менен эми эвакуацияланган унааларын аныктаса болот. Кантип?

Маалымдалгандай, бул функция аркылуу колдонуучулар туура эмес токтотулуп, эвакуацияланган автоунаалар тууралуу маалыматты реалдуу убакытта көрө алат.
"Эми шаар тургундары өздөрүнүн автоунаасынын кайда экендигин жана эвакуация кызматтары менен байланышуу маалыматтарын тез арада билишет. Бул жаңылык шаардык кызматтардын ишин ачык-айкын кылууга жана жарандар менен муниципалдык органдар ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.
Кантип иштейт:
"Кызматтар" бөлүмүнүн "Эвакуатор" функционалдык модулунда колдонуучулар автоунаасынын мамлекеттик номерин киргизишет. Эгер автоунаа эвакуацияланган болсо, тиркеме анын учурдагы жайгашкан жерин картадан көрсөтүп, токтотулган атайын аянттын дарегин берет.
Кошумчалангандай, жаңыртуу азыр iOS жана Android үчүн жеткиликтүү. Жаңы функцияны колдонуу үчүн "Менин шаарым" тиркемесинин акыркы версиясын жүктөп алуу сунушталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.