super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров иш сапары менен Мажарстанга барды (видео)

 

Бүгүн, 20-майда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Будапешт шаарына барды. Бул туурасында мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, өлкө башчысынын учагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортко конду. Аны Мажарстандын министри Гергей Гуйяш жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна ТМУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин желектери илинип, килем төшөлүп, анын боюнда Ардак кароол тизилген. Президент иш сапарынын алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышат.






20.05.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: