super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанга Сауд Арабиядан ишкерлер делегациясы келди

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөгө жумуш сапары менен келген Сауд Арабиянын Соода-өнөр жай палаталар федерациясынын башкармалыгынын төрагасы Хасан Моажеб Аль-Хувайзи баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анда Касымалиев делегациянын иш сапары кыргыз ишкерлери менен жакындан таанышууга, өз ара пайдалуу келишимдерге жетишүүгө өбөлгө болоруна ишеним артарын билдирди.

“Делегацияңыздын курамына көрүнүктүү, алдыңкы ишканалардын жетекчилери кириптир. Сиз жетектеп келген Сауд Арабиясынын ишкерлер делегациясынын сапары кыргыз-сауд мамилелеринин мындан ары өнүгүшүнө олуттуу түрткү берет деп ишенем. Эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкта кыргыз-сауд ишкерлер кеңешинин ролу дагы абдан маанилүү”, – деди Касымалиев.

Өз кезегинде Хасан Моажеб Аль-Хувайзи Кыргызстан менен Сауд Арабиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык мындан ары да өнүгө берерине жана өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактар боюнча тереңден иш алынып барыларына ишенерин билдирди.

Маалым болгондой, эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2024-жылга карата 2,83 миллион долларды түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: