Медер Алиев: "Армияда бардык улуттун өкүлдөрү бирдей кызмат өтөшү керек" (видео)
Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев армияга бардык улуттун өкүлдөрү бирдей чакырылышы керектигин билдирди.
Учурда армияда кызмат өтөп жаткандардын 90 пайыздан ашыгы кыргыз улутундагылар экенин айтат ал.
"Кыргызстанда 80ден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Мен ойлойм, бардыгыбыз Кыргызстанда туулгандан кийин мекенибизди коргоого бирдей милдеттүүбүз. Себеби эгемендүү мамлекетибиз бир. Бул деген улутчулдук маселени көтөрүү эмес, болгону теңдик. Укуктарыбыз менен бирге жоопкерчилигибизди да билели", - деди Алиев.
Эл өкүлү учурда дүйнөдө ар кандай согуштар жүрүп жатканын белгилеп, армияны күчтөндүрүүгө чакырды.
Жогорку Кеңеш 21.05.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

