Жогорку Кеңеш коргоо министри кызматына Руслан Мукамбетовдун талапкерлигин колдоду
Жогорку Кеңештин бүгүн, 21-майдагы жыйынында Руслан Мукамбетовду коргоо министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралып, колдоо тапты.
Жыйында каттоодон өткөн 67 депутаттын 66сы колдосо, "каршы" добуш бергендер болгон жок.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Мукамбетовдун ишине ийгиликтерди каалап, кыргыз армиясынын дараметин жогорулатууга чакырды.
Айта кетсек, Мукамбетов коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп 15-майда дайындалган. Буга чейин аталган кызматты Бактыбек Бекболотов жетектеген. Президент Бекболотовду коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

