Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык мекемелердин ээлерине кайрылды

Министрлик өлкөдө кан аркылуу жугуучу инфекциялардын (АИВ, вирустук гепатиттер жана башкалар) жайылышы, жарандардын сапатсыз медициналык жардам боюнча кайрылуулары жана өлүм фактылары жеке менчик медициналык клиникаларда көбөйүп жатканын белгилейт.
Мыйзамдарга ылайык, медициналык ишмердүүлүк милдеттүү түрдө лицензияланууга тийиш. Лицензиясыз иш жүргүзүүгө тыюу салынат жана административдик, жада калса кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
"Лицензия ээлери жана медициналык кызмат көрсөтүүчүлөр, өз ишмердүүлүгүн мыйзам талаптарына ылайык кыска мөөнөттө камсыз кылышы зарыл.
Саламаттыкты сактоо тармагындагы бардык ишмерлерди мыйзам чегинде аракет кылууга, бейтаптардын кызыкчылыгын жана коопсуздугун сактоого чакырабыз", - деп билдирген министрлик жарандарды лицензиясы бар адистерге гана кайрылууга үндөдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.