super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө 10-июндан тарта мыйзамсыз жүргөн мигранттарга масштабдуу рейд жүрөт

 

Бишкекте бүгүн, 21-майда мыйзамсыз миграция темасында тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалымдалгандай, жыйынга коопсуздук кызматынын башчысы Камчыбек Ташиев катышып, коомдук-саясий кырдаалдын турукташуусунан улам өлкөгө чет элдик жарандар көп келип, ошол эле учурда мыйзамсыз миграция да болуп жаткандыгын билдирди.

"Чет элдиктер өлкөгө потенциалдуу туристтердин жана студенттердин атын жамынып келишип, мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүшүүдө. Юридикалык жактар мамлекеттик алымды төлөөдөн качып, мигранттарды мыйзамсыз жумушка алышууда. Визанын мөөнөтү бүткөндөр кетпей, өлкөнүн ар кайсы жагында кенен жүрүшөт. Натыйжада коомдук тартипти бузуп жаткан учурлар болууда", - деп белгиледи Ташиев.

Атайын кызматтын жетекчиси 1-январдан тартып мыйзамсыз миграция менен күрөшүү максатында кабыл алынган мыйзамды эске салып, бир катар тапшырмаларды берди.

  • 10-июнга чейин мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр, статусун мыйзамдаштырууга же өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш;
  • Компетенттүү органдар 10-июнга чейин миграциялык чечимдер жөнүндө ЖМКдан, социалдык тармактардан, электрондук порталдардан жана чет тилдердеги веб-сайттардан маалымат таратуулары керек;
  • Укук коргоо органдары 10-июндан тартып "легалсыз" операциясынын алкагында масштабдуу текшерүү жүргүзүшөт;
  • УКМКнын аймактагы бөлүмдөрү активдүү иш-чаралардын аткарылышын жеке көзөмөлгө алышат.

Айта кетсек, быйыл январдан тартып Кыргызстанга 61 миң турист, 30 миң студент, 12 миң эмгек мигранты, башка категориялар боюнча 10 миң адам келген. Анын ичинен мыйзамсыз мигранттардын саны 5 миңге жакын.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: