super.kg logo

Вашингтондо Израил элчилигинин эки кызматкерин атып өлтүргөн шектүү кармалды

 

Вашигтондогу Израилдин элчилигинин эки кызматкерин атып өлтүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Израилдин Тышкы иштер министрлиги ок аткан адамдын кармалганын ырастады. Элчиликтин маалымат катчысы Таль Наим билдиргендей, дипломаттарга өтө жакын аралыктан ок атылган. Анын айтымында, Израил тарап америкалык укук коргоо органдарына толук ишеним артып жатат.

"Алар бул ишти аягына чыгарып, бардык күнөөлүүлөрдү табышат жана Израилдин өкүлдөрүнүн, ошондой эле АКШдагы еврей жамааттарынын коопсуздугун камсыздайт деп ишенебиз", - деди Наим.

Күбөлөрдүн айтымында, кылмышкер "Палестинага эркиндик!" деп кыйкырып, андан кийин качып кеткен. Аны издөөгө полиция жана ФБР тартылган. Кылмыш болгон күндүн эртеси шектүү киши кармалып, бирок анын ысымы азырынча ачыктала элек.

Израил өкмөтү бул окуяны "антисемиттик террористтик акт" катары мүнөздөп, АКШнын жетекчилигинен катуу реакция талап кылууда. Израил жана АКШ тараптары учурда окуяны чогуу иликтеп жатышат.

Америкалык еврей комитетинин башкы директору Тед Дойч ABC News каналына берген маегинде, ок атылган учурда алардын иш-чарасы музейде өтүп жатканын билдирген. Полиция маалыматтары боюнча, курмандыктардын бири аял, экинчиси эркек болгон. Израил элчилигинин жетекчиси окуя учурунда ал жерде болгон эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: