Ысык-Көлдө унаа текшерүүгө алынып, курал-жарак жана тоо текенин эти табылды





Ысык-Көл районунда мыйзамсыз аңчылык кылгандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Ысык-Көл ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-майда болжол менен түнкү саат 02:30 чамасында Чоң-Сары-Ой айылынын аймагынан Opel Monterey үлгүсүндөгү унаа милиция кызматкерлери тарабынан токтотулуп, текшерүүгө алынган.
Натыйжада тоо текенин эти, ВЕПРЬ жана ЛОСЬ үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар, аларга тиешелүү оптикалык приборлор, 30 даана ок-дары, анын ичинде 5 даана гильза табылган.
Облустук милиция шектүү делген 36 жана 49 жаштагы жарандардын мыйзамдуу аңчылык жүргүзүүгө уруксат кагаздары жок болгонун белгиледи. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, Ысык-Көл райондук сотуна кароо үчүн жиберилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.