super.kg logo

Кытайда улакчы Манас Ниязов күйөрмандардын курчоосунда калып, полиция жардамга келди

 

Кыргызстандык белгилүү улакчы Манас Ниязов Кытайда күйөрмандарынын курчоосунда калып, стадиондогу калыстар отуруучу жерге чейин полициянын жардамы менен барды.

Социалдык желеге тараган видеодо этникалык кыргыздар улакчыны курчоого алып, сүрөткө түшүп, кубаттап жатышканын байкоого болот. Ал эми полиция кызматкерлери аны күйөрмандардын арасынан алып чыгып, калыстар отуруучу жерге чейин жеткиришти. Ошондой эле жергиликтүү жашоочулар аны "Манас" деп кыйкырып сүрөөнгө алышты.

Айта кетсек, улакчы Көк бөрү федерациясынын өкүлдөрү менен учурда Кытайда иш сапарында жүрөт. Анын алкагында Уйгур автономдуу районунда ат оюндары уюштурулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: