super.kg logo

16 жаштагы Шерзат Болаттын өлүмү: сот залынан шектүү сүйлөшүү угулган

 

Коңшу Казакстанда Шерзат Болаттын өлүмү боюнча өтүп жаткан соттук отурумдун соңунда орун алган диалог социалдык тармактарда талкуу жаратты.

Казак басылмаларынын маалыматына караганда, соттук отурум бүткөндө, залдагылар арасында төмөндөгүдөй диалог болгон.

- Ыйлап жибере жаздадың, баарын туура эле айттыңбы?

- Сага көп суроо беришпейт, кабатыр болбо. Мен баарын сүйлөшүп койгом.

Мындай сүйлөшүү кимдердин ортосунда болгону белгисиз, бирок социалдык тармактын колдонуучулары айыпталуучу менен жактоочунун ортосунда болгонун жазышкан.

Эске салсак, окуя өткөн жылдын 4-октябрында Талгар шаарында орун алган. Анда кардарлар өспүрүмдүн үй-бүлөсү иштеткен дүкөндөн спирт ичимдиктерин алып, акчасын бербей коюшкан. Мындан улам Шерзаттын атасы менен кардарлардын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Натыйжада 16 жаштагы өспүрүм аталган жарандардын колундагы бычактан жаракат алып, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан.

Алматы облусунун прокуратурасы жалпы 7 шектүүнү кармагандыгын билдирген.

Аталган окуядан көп өтпөй, 9-декабрда Талгар шаарынын жанынан 30 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Ал асынып алганы айтылган. Каза болгон жаран Талгар шаарында өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын агасы экени белгилүү болгон.

Ал эми 10-декабрда анын сөөгү жерге берилгенден кийин Шерзат Болаттын атасы өзүнө кол салууга аракет кылып, полиция кызматкерлерине дагы бычак менен тап берген. Ал 15 суткага камакка алынып, 26-декабрда бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: