Президент Сауд Арабиядан келген ишкерлер делегациясын кабыл алды



Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда Сауд Арабия Королдугунун Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын башкармалыгынын төрагасы Хасан Моажеб Аль-Хувайзини жана падышалыктын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрүн кабыл алды.
Өлкө башчынын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.
Президент Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан ири реформалар жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.
Өз кезегинде Хасан Моажеб Аль-Хувайзи Кыргызстандын келечектүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зор потенциалы бар экенин белгиледи. Ал эки жактуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

