super.kg logo
  Спорт  

Бокс боюнча жаштар курамасынын кыздары Азия чемпиондугунда байгелүү орундарга ээ болушту

 

Өлкөнүн бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Шри-Ланканын Коломбо шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалымдалгандай, спортчулар 2 күмүш, 3 коло медаль утуп алышты.

Күмүш медалдын ээлери:

  • 60 килограмм салмакта Аделя Асылбек кызы;
  • 75 килограмм салмакта Зарина Асанова.

Коло медалдын ээлери:

  • 57 килограмм салмакта Елизаветта Лунеева;
  • 63 килограмм салмакта Элиза Максатова;
  • 66 килограмм салмакта Айпери Адылбекова.

Курама команда машыктыруучу Нурсултан Абдрасуловдун жетекчилиги алдында мелдешке катышкандыгы маалыматта кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: