Таласта катуу шамал үйлөрдүн чатырын учурду



Бүгүн, 22-майда Талас облусунда саат 18:10 чамасында катуу шамал болуп, анын кесепетинен Талас шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн чатырлары жабыркады. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, турак үйлөрдүн үстүнкү бөлүгүнүн темир жана башка конструкциялар менен жабылган чатырларын шамал учуруп кеткен. Ошондой эле көп кабаттуу үйлөргө тартылган электр чубалгылары да жабыркаган.
Жерине ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери барып, тийиштүү иштерди жүргүзүп жатышат. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.