super.kg logo

Франциялык фермер менчик аймагынан алтын таап алып, бирок олжосуз калды

 

Чет элдик басылмалар франциялык Мишель Дюпон аттуу фермер менчик аймагынан алтын калдыктарын таап алганын жазышты.

Маалым болгондой, Франциянын Овернь аймагында жашаган Дюпон табылганы суунун жээгинде сейилдеп жүргөндө тапкан. Ал жердеги жылтыраган жарыкты байкап, анан казып баштаган жана ал жерде алтын калдыктары бар экенин аныктаган.

"Мен жөн гана аймагымды пландуу текшерүүдөн өткөрүп жаткам. Анан мен жерден кызыктай жарык көрдүм. Бир аз тереңирээк казсам колумдагы кармап турган нерсеге ишене албай койдум", - деген ал.

Бул табылгага аймактык бийлик кийлигишип, дыйкандын тапкан алтын калдыктарын алышкан. Мыйзам боюнча ал мамлекетке өтүшү керек. Анда Дюпон аймакты казууну кааласа, бийликтен уруксат алышы керектиги белгиленген.

Мишель Дюпондун айтымында, ал тапкан алтын аймактагы жерге болгон суроо-талапты кескин түрдө арттырган.

"Алдын ала эсептөөлөр боюнча, анын чарбасында жалпысынан 3,5 миллиард еврого жакын 150 тоннага чейин алтын болушу мүмкүн", - деп жазды Mirrror басылмасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: