Бишкекте кондиционер орнотуп жаткан киши 7-кабаттан кулап каза болду
Бишкекте кондиционер орнотуп жаткан жаран 7-кабаттан кулап кетип, каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Ленин райондук милициясынан билдирди.
Белгиленгендей, Бакаев көчөсүндөгү кырсык боюнча "102" кызматына маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо Ленин РИИБинин ыкчам тергөө тобу барган. Анда 1991-жылы туулган Б.А. кондиционер орнотуп жатып, 12 кабаттуу үйдүн 7-кабатынан кулап кетип, каза болгонун аныкташкан.
Маркумдун атасы менен жубайы эч кимге дооматы жок экендигин билдирип, арыз берүүдөн баш тартышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.