super.kg logo
  Спорт  

Караколдогу реконструкциядан өткөн стадионду президент "Ынтымак Арена" деп атады (видео)

 
Бүгүн, 23-май күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы толугу менен реконструкциядан өткөн стадиондун салтанаттуу ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалым болгондой, иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, өлкө элинин биримдиги үчүн стадионго "Ынтымак Арена" деген атты берди.
Азем белгилүү эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерттик программа менен коштолуп, Премьер-Лиганын 11-турунун алкагындагы "Барс" жана "ОшМУ" футболдук клубдарынын беттеши менен уланды.
Белгиленгендей, стадиондун жалпы аянты 7,04 гектарды түзөт. Заманбап талаптарга жооп берген стадиондун батыш тарабында жайгашкан трибуналар 3380 көрүүчүгө ылайыкталган. Трибуналарда кийим алмаштыруучу бөлмө, мелдештерди өткөрүү үчүн бир нече функционалдык жана административдик бөлмөлөр, VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү, ТВ адистери, беттештин расмий өкүлдөрү жана калыстар үчүн, VAR-системасы үчүн бөлмөлөр орун алды. Аталган стадион Каракол шаарынын атынан ойногон "Барс" футболдук клубунун үй аренасы болот.





Караколдогу реконструкциядан өткөн стадион

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: