"Кой, кой дегенде койгон жакшы". Ошто жаратылышка бара жаткан окуучулар артка кайтарылды





Ош шаарынан Кара-Кой жайлоосуна бара жаткан окуучулар артка кайтарылды. Ал эми эжекесине чара көрүлөт. Бул туурасында Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, алар Түлөбердиев атындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү жана мугалими экендиги аныкталды.
"Кой, кой дегенде койгон жакшы. Жамандыктын алдын алууну көздөп, милиция, ата-эне, мугалимдер тынбай алдын алуу иштерин жүргүзүп жатса окуучуларын алып, микроавтобуска салып, Кара-Койго багыт алып бараткан эжеке Оштон чыга бериштен кармалды. Окуучуларынын өмүрүн тобокелге салган мугалимге, мектеп жетекчилигине тиешелүү кызматтар тарабынан чаралар көрүлөт", - деп айтылган маалыматта.
Кошумчалангандай, учурда Ош шаарынын чыга беришиндеги жолдордо эртең мененки саат 06:00дөн бери посттор иштеп жатат. Ар бир аныкталгандар боюнча маалымат берилип турары айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:17
2025-06-13

14:49
2025-06-13

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Birimdik5555

24.05.2025. 22:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Июнь ичи иштесе жакшы эле, экзамендер буткондо оолугушат барабыз деп
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.