Баткен шаарындагы кирпич заводдун жери жеке менчиктен мамлекеттин балансына өттү





Баткендеги мурдагы кирпич заводунун жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, Чет-Булак конушунда жайгашкан мурдагы кирпич заводунун аянты 8,63 гектар болгон жер тилкеси Т.М. аттуу жаранга жеке менчикке берилип кеткен. Ал өз ыктыяры менен жерди мамлекетке кайтарып бергендиги маалыматта кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

