"Сахнада 20 жыл". Ырчы Мирбек Атабековдун жыйынтыктоочу концерти аншлаг менен өттү (видео)
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков чыгармачылыкка аралашып, сахнада жүргөнүнө 20 жыл болгондугун чоң масштабдуу концерттер менен белгиледи.
Белгилүү ырчы Бишкек жана Ош шаарларында жалпысынан 16 күндүк концертин күйөрмандарына тартуулады. Ал эми жыйынтыктоочу концерти "Бишкек Аренада" кечээ, 23-майда уюштурулуп, жогорку деңгээлде болду.
Чыгармачылык кечеде ырчы 20 жыл аралыгында ар бир кыргызстандыктын жүрөгүнөн түнөк тапкан ырларын жандуу үн менен аткарды. Ал эми сахнадагы өзгөчө анимациялык жасалгалоо күйөрмандарды суктантты.
Ырчы социалдык баракчасына видео жүктөп, ар бир күйөрманына ыраазычылыгын билдирди.
Кошумчалай кетсек, Атабеков жакында алыскы АКШда жеке концертин берет.
Ырчы Мирбек Атабековдун жыйынтыктоочу концерти аншлаг менен өттү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.