Бишкекте 1-топтогу майып кызды 20 жаштагы жигит зордуктап кеткендиги айтылды
Бишкекте 1-топтогу майып кызды зордуктаган жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 22-май саат 02:04 чамасында "102" кызматына кыздын апасы байланышка чыккан. Анда ал мүмкүнчүлүгү чектелген 2004-жылкы кызын чала таанышы зордуктап кеткендигин айткан.
Жерине барган тергөө тобу апасынан арыз алып, анын алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш ишин козгоду.
Натыйжада 2004-жылы туулган К.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал кызды алдоо жолу менен унаасына отургузуп, күч колдонгондугу аныкталды.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.