"12 жолу бычакталып". Талдыкорганда мейманканадан аялдын денеси табылды
Казакстандын Талдыкорган шаарындагы мейманканалардын биринен 12 жолу бычактан жаракат алган администратор аялдын денеси табылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Маалымдалгандай, анын денеси мейманкананын биринчи кабатында чыккан өрттү өчүрүү учурунда табылган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышкер изин жашыруу максатында өрт коюп жиберген.
"24-майда саат 04:14тө мейманкананын кабылдамасында өрт чыккан. Өрт 20 чарчы метр аянтты каптаган. Саат 04:29да өрт толугу менен өчүрүлүп, 35 адам эвакуацияланган", - деп билдирди Жетисуу облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы.
Ал эми полиция 23 жаштагы кылмышка шектүү кармалганын кабарлап, учурда тергөө иштери уланып жаткандыгын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.