Путиндин тик учагы Украинанын учкучсуз учактарынын чабуулунун ортосунда калган
Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакында Курск облусуна жасаган иш сапары маалында анын тик учагы украиналык учкучсуз учактар тарабынан жасалган массалык чабуулдун ортосунда калган. Бул тууралуу кечээ, 25-майда "Россия-24" телеканалынын эфиринде абадан коргонуу дивизиясынын командири Юрий Дашкин билдирди.
"Башкы командачы тик учак менен Курск облусунун аймагында учуп бара жаткан учурда чабуулдун күчү жогорулады. Ошондуктан биз абадан коргонуу согушун жүргүзүп, президенттин тик учагынын коопсуздугун камсыз кылдык", - деген ал.
Дашкиндин айтымында, Путиндин Курск облусуна жасаган сапары учурунда абадан коргонуу күчтөрү бул аймакта 46 учкучсуз учакты жок кылганын белгилеген.
Эске салсак, орус лидери аталган облуска 20-майда барган.
