"Каракол шаарынын "смотрящийи" болгон". Маркум Көлбаевдин 2 адамы кармалды (видео)
Маркум Камчы Көлбаевдин жоюлган уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети билдирди.
Атайын кызмат алардын бири мурда Каракол шаарынын "смотрящийи" жана Ысык-Көл облусунун "положенеци" болуп келген Жеша каймана аты бар Т.Ж. аттуу жаран экенин белгиледи.
Ошондой эле Көлбаевди жеке кайтарууга алып келген М.Н. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишине катышкан деген шек менен кармалган. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча алар Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
26.05.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.