Шри-Ланкада чикунгунья илдетинин акыркы 20 жылдагы эң начар эпидемиясы катталды
Чикунгунья илдетинин акыркы 20 жылдагы эң ири эпидемиясы Шри-Ланкада катталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда чет элдик басылмалар жазышууда.
Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, оору көбүнесе күндүз чиркейлер активдешип чаккан учурда жугат. Инфекциянын симптомдору ооругандан кийин 2-12 күндүн ичинде пайда болуп, муундардын катуу оорушу, жогорку температура жана териде кызыл бүдүрлөр чыгат.
Бул инфекцияга каршы вакцина же атайын дары каражаты жок. Аталган өлкөнүн бийлиги жарандарды алдын алуу чараларын сактоого чакырууда. Ал үчүн эшик жана терезелерге торлорду тагууну, денени жабып жүрүүчү кийимдерди кийип жүрүү сунушталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.