super.kg logo

Кыргызстанда имамдар арасында республикалык сынак өткөрүлмөкчү: MBANKтын MIslamiс кызматы исламдагы каржы билимдерин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт

 

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) MBANKтын MIslamiс долбоорунун колдоосу менен өлкө боюнча имамдар арасында кеңири масштабдуу сынак өткөрмөкчү. Сынакка 2500 имам катышат. Бул иш-чара ислам укугу жана ислам банкинги боюнча диний сабаттуулукту жогорулатууга багытталган. MIslamiс бул демилгеге чоң колдоо көрсөттү.

Колдоо – жаңы стандарттарды аныктайт. MIslamiс долбоорунун бул сынакты колдоосу КМДБ менен болгон стратегиялык өнөктөштүктүн натыйжасы. MBANK Шариаттын принциптерине ылайык каржылык кызматтарды гана көрсөтпөстөн, ошондой эле мусулман жамаатынын жашоосуна активдүү катышууну максат кылат.

Билим – өнүгүүнүн негизи. Сынакка даярдануу максатында КМДБ жана MIslamiс биргелешип Кыргызстандагы бардык мечиттерге 2500 нускада эки негизги китепти чыгарып, таркатышты:

  • "Мухтасар аль-Викоя" – бул китепте ханафий мазхабына ылайык мусулмандын күнүмдүк жашоосу боюнча эрежелер кеңири баяндалган. Ар бир имам үчүн бул негизги колдонмо болуп саналат.
  • "Ислам банкинги" автору Тажидин Эшанкулов – бул китепте Шариатка ылайык болгон бардык банктык жана соода операциялары боюнча суроолорго кеңири жооптор берилген. Айрыкча ислам каржылоосунун өзгөчөлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулган.

Сынак жана сыйлык тапшыруу аземи. "Мухтасар Аль-Викоя" китеби өлкөнүн бардык аймактарындагы имамдарга таратылды. 2025-жылдын 20-июнунда тестирлөө өткөрүлүп, ислам укугу жана банкинг жаатында эң мыктылар аныкталат.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 25-июнда жаңы Манас театрында MIslamiс долбоорунун колдоосу менен өткөрүлөт. MIslamiс тарабынан 570 000 сом көлөмүндөгү байге фонду бөлүнгөн. Жеңүүчүлөр арасында төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөт:

  • Беш республикалык байге төмөнкү суммаларда ыйгарылат: 50 миң сом, 40 миң сом, 30 миң сом, 20 миң сом, 10 миң сом. Республикалык байгелердин жалпы суммасы: 150 миң сом.
  • Алты облустук байге — ар бири 70 миң сомдон. Облустук байгелердин жалпы суммасы: 420 миң сом.

Бул сынакта жеңилгендер жок — эң азынан ар бир имам “Мухтасар Аль-Викоя” китеби аркылуу ислам укугу жаатындагы билимдерин алат же жаңыртат.
Бул сынак Кыргызстанда ислам банкинги боюнча билимди жана баалуулуктарды чыңдоодо маанилүү кадам болуп эсептелет. Ал эми, MBANKтын MIslamiс долбоорунун КМДБ менен өнөктөштүгү өлкөдөгү диний жана билим берүү демилгелерин жаңы деңгээлге чыгарууда






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: